6- Май 1968 -жылы Орусиялык композитор жана продюсер Максим Фадеев төрөлгөн
Композитор жана продюсер Максим Фадеев Орусиянын Курган шаарында туулган.

Анын атасы Александр театрда композитор, апасы Светлана орус, цыган элдик ырларын катыра ырдаган цыган кызы болгон. Максим Фадеев 15 жашында Курган шаардык музыкалык окуу жайына тапшырып, өспүрүм курагында "Конвой" деп аталган жергиликтүү топто ырдай баштайт. 1989-жылы "Юрмала-89" сынагына катышып 3-орунга жана 500 рубль акчалай сыйлыкка ээ болот. 1993-жылы Орусиянын борборуна көчүп келип, үн жаздыруучу студияда аранжировкачы катары ырчылар менен иштеше баштаган.

1993-жылы Линда деген каймана ат менен белгилүү болгон Светлана Гейман экөө иштешип баштайт. Бул тандем ийгиликтүү болуп, Линда 6 альбом жаздырып, ММКлар тарабынан 9 ирет "Жылдын мыкты ырчы айымы" аталат. 1997-жылдын 1-сентябрында Украинада Линда менен Максим уюштурган концертке 400 миңден ашуун көрүүчү топтолот. Ал көптөгөн тасмалардын композитору, клиптердин режиссёру болууга, беделдүү теледолбоорлорго катышууга да жетишкен. Линдадан сырткары ырчылар Глюко`Za, Катя Лель, Пьер Нарцисс, Юлия Савичева, Наргиз Закирова жана "Monokini", "Total", "KIT-I", "SEREBRO" топторуна продюсерлик кылган.

2006-жылы Максим Фадеев угуу жөндөмдүүлүгүнүн 80 пайызын жоготот. Бул музыкант үчүн чыныгы тозок эле. Кытай элдик дарыгеринин жардамы жана жакындарынын колдоосу менен 2 жылдык дарылануудан кийин анын угуу жөндөмдүүлүгү калыбына келген. Угуу жөндөмдүүлүгүн жоготкон мезгилде да көптөгөн чыгармаларды жараткан. Учурда ал Бали аралында жашайт. Анын вилласы океанга 25 метр жакын жерде жайгашкан. Бакча иштери менен алектенүүнү жактырат. Өз колу менен бакчасына 2 жарым миңден ашуун бак тиккенин айтып келет.

Максим Фадеев 1-жубайы Галина менен аз эле убакыт жашаган соң ажырашып кеткен. Ал эми 2-жубайы Наталья менен 1990-жылы таанышып, 3 айдан соң анын колун сураган. Ортолорунда Савва аттуу 19 жаштагы уулу бар.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан