17- Май 1936 -жылы
Америкалык актёр Деннис Хоппер туулган
Атактуу америкалык актёр Деннис Хоппер АКШнын Канзас штатындагы Додж-Сити шаарында туулган.
Деннис Хоппер актёрлук карьерасын 1954-жылы баштаганы менен атактуулукка "Идеалы жок козголоңчу" ("Бунтарь без идеала", 1955), "Гигант" (1956) тасмаларына тартылган соң жеткен. Кийин “Ылдамдык” ("Скорость"), “Суу дүйнөсү” ("Водный мир"), “Жоголуп кеткен шаар” ("Затерянный город") ж.б. тасмаларына тартылган.
Деннис Хоппер 2010-жылы 29-май күну эртең менен 74 жашында рак оорусунан Лос-Анжелестеги үйүндө каза болгон.