Жогорку Кеңеш 1993-жылдын 5-май күнү өткөн 12-сессиясында Кыргыз Республикасынын Конституциясын кабыл алынган. Конституция долбоорун даярдоого Кыргыз мамлекетинен жана эл аралык эксперттер тартылып, адистердин айтымында, Баш мыйзам дүйнөлүк талаптарга, демократиялык принциптерге толук жооп берген.
2017-жылга чейин Конституция 9 жолу өзгөртүүгө дуушар болду. Аскар Акаевдин убагында 4 жолу, ал эми Курманбек Бакиевдин тушунда 3 ирет толукталып, өзгөртүлгөн. Баш мыйзамды улам өзгөртө берүү эл арасындагы нааразычылыктарды пайда кылып, революциялардын коштоосунда президенттердин өлкөдөн качып чыгышы менен аяктаган. 2010-жылы экинчи президент бийликтен кулатылгандан кийин шашылыш түрдө жаңы Конституция кабыл алынган. Өткөөл мезгилде Кыргызды Роза Отунбаева башкарып, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, эксперттер, саясатчылар жана жарандык коомдун катышуусу менен Конституция талкууга алынган. Конституция кабыл алынып, 2020-жылга чейин өзгөртүүгө мораторий киргизилген. Кыргыз өлкөсү парламенттик-президенттик башкаруу системине өткөн. Бирок бул документтин кемчилигин айтып, Баш мыйзамга толуктоолорду киргизүү керек деген чакырыктардын арты тыйылган эмес. Саясий серепчилер Алмазбек Атамбаев президенттик мөөнөтү бүтөрдө премьер-министрдин позициясын бекемдөө үчүн Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизет деп болжолдоп келишкен. Президенттикке келгендин алгачкы жылдарында Алмазбек Атамбаев жаңы Конституция жазуу адаты токтотулушу керек дегени менен, кийинчерээк Баш мыйзамды өзгөртүүгө кирише баштаган. Мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларда, 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары ант берген маалда да Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керектигин айткан. "Ала-Тоо" аянтында Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгын белгилөө учурунда Атамбаев Убактылуу өкмөттүн ишин сынга алып, Баш мыйзамды өзгөртүү зарылдыгын баса белгилеген. Ошол эле жылдын сентябрь айында КСДПнын лидери Иса Өмүркулов Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун алып чыккан. Мыйзам даярдалып жатканы тууралуу депутаттар, көпчүлүк коалициянын курамындагы "ата мекенчилердин" маалыматынын жоктугу, мыйзам долбоорун иштеп чыгууга депутаттардын катышпагандыгы талаш-тартышты жараткан. Оппозиция, укук коргоочулар, саясий серепчилер Баш мыйзамдын күчүн бекемдөө үчүн 2010-жылы киргизилген мораторийге таянып, референдум өткөрүү сунушун колдошкон эмес. Мыйзам долбоорун талкуулап, сунуштарды киргизүүгө 1 ай убакыт берилген. Коомчулук Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүүнүн туура же туура эместигин талкуулап жатканда бийлик административдик ресурстарды колдонуп Конституцияны өзгөртүүнүн оң жактарын ММКлар аркылуу жайылтууга киришкен. Мыйзамдагы толуктоолор сот системи, өкмөт башчыга байланыштуу болгону менен карапайым-калкка жетиштүү түшүндүрүлгөн эмес. БУУнун Адам укуктары боюнча комитети Июнь окуясында этностор аралык каршылыкты козуткан, киши өлтүргөн деп күнөөлөнүп өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду абактан бошотуу талабын койгону да Конституцияны өзгөртүүгө шылтоо болгон. Анда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин, Кыргыз мамлекети эл аралык уюмдардын чечимдерин тааныбай турганы айтылган. Ошондой эле бир жыныстуулардын үй-бүлө курушуна мыйзам аркылуу тыюу салуу өңдүү өзгөртүүлөр калкка жайылган. Мыйзам долбоору 3 айдан ашык талкууланып, 2016-жылдын 11-декабрында референдум өткөрүлгөн. Муну менен Алмазбек Атамбаев тарыхта Конституцияны өзгөртпөгөн президент катары кала алган жок. Референдумга катышкан шайлоочулардын 80 пайызы макул деп добуш берген. Бул бардык Кыргыз жарандары шайлоого катышты дегенди түшүндүрбөйт. Анткени биометрикалык маалыматын тапшырган жарандар гана шайлай алышат. Бийлик мамлекеттик кызматкерлерди кыйыр түрдө мажбурлап шайлоого катыштырып, жалпы шайлоочулардын 40 пайызы добуш берген. Жыйынтыгында Акаев жана Бакиевдин учурундагыдай эле административдик ресурстар ишке киргизилген. Баш мыйзамды өзгөртүүгө "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов,"Бир-Бол" фракциясынын депутаты Чолпон Жакупова каршы чыгышкан.