29- Май 2012 -жылы
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү
Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн күнү. Куралдуу күчтөр күнүн белгилөө туурасында чечим 1992-жылы кабыл алынып, андан бери ал расмий түрдө майрамдалып келет. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы аскердик башкаруунун борбордук органы жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүмдөрүн оперативдик башкаруунун башкы органы болуп эсептелет. Бул орган аларды даярдоону жана колдонууну жетектейт. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы мамлекетти коргоону уюштуруу менен байланышкан маселелерди чечет, Куралдуу Күчтөрдү жана башка аскердик түзүмдөрдү даярдоону, өнүктүрүүнү, мобилизациялык жайылтууну жана колдонууну тикелей жетектейт, аймактык коргонууну уюштурат, мамлекеттин аймагын коргоо кызыкчылыгында оперативдик жабдуунун планын иштеп чыгат жана аткарылышын көзөмөлдөйт. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы Кыргыз Республикасынын президентине Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысына баш ийет. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы республикалык бюджеттин эсебинен жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган каржылоонун башкы булактарынан каржыланат.