8- Май 2012 -жылы Кызыл Жарым Ай жана Кызыл Кресттин бүткүл дүйнөлүк  күнү
Бул күн 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган. 1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл Крест уюму уюшулган. Кызыл Крест жана Кызыл Жарым Ай уюмдары Советтер Союзунда 1925-жылы негизделип, анын ишмердиги Кыргыздын аймагына да тараган. Эгемен Кыргыз өлкөсүндө да азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырып, миңдеген адамдар алардын кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан