Тарыхта "Отузчулардын арызы" деп белгилүү болгон Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи оппозициялык кайрылуу кабыл алынган. Кыргызстан Автономиялык облусунун жетекчилиги жүргүзгөн саясатка нааразы болгон коомдук ишмерлер тобу бул күнү өлкөдөгү кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, РКП (б) Борбордук комитетине, РКП (б) Борбордук комитетинин Орто Азия Бюросунун Улуттук кеңеши менен Кыргыз облустук партиясына кайрылышкан.