5- Май 2012 -жылы
Майыптардын укугун коргоонун эл аралык күнү
Майыптардын укуктарын коргоо, аларды ишке орноштуруу сыяктуу маселелерге көңүл буруу максатында 5-майда Майыптардын укугун коргоонун эл аралык күнү белгиленет. Майыптардын укугун коргоого багытталган бул күндү белгилөө 1992-жылдын 5-майында башталган. Ал күнү Европадагы 17 мамлекет физикалык, психикалык жактан чектөөлөрү болгон адамдарды дискриминациялоого каршы жана алардын укугун коргоого багытталган иш-чараларды өткөрүшкөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жер жүзүндө 1 миллиарддан ашуун адам майыптуулуктун кайсы бир түрүнөн жабыркайт. Алардын 100 миллиондон ашууну - балдар. 2006-жылы 13-декабрда Нью-Йоркто Бириккен улуттар уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясына кол коюлуп, ал 2008-жылы 3-майда күчүнө кирген.