25- Декабрь 1989 -жылы
ди-джей, диктор Расул Мырзатегин төрөлгөн
"Миң кыял" ФМ радиосунун ди-джейи, КТРК телеканалындагы "Ала-Тоо" маалымат программасынын алып баруучусу Расул Мырзатегин Талас облусунун Манас районунда төрөлгөн. Кесиби - дипломат-котормочу. Бишкек гуманитардык университетин бүтүрүп, англис, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт. 2012-жылдын 7-октябрь күнү Расул Мырзатегин кесиптеши Махабат Жумабек кызына баш кошкон.