18- Май 1048 -жылы
Персиянын улуу акыны, математик, астроном, философу Омар Хайям туулган
Персиянын улуу акыны, математик, астроном, философу Омар Хайям (Гиясаддин Абу-ль-Фатх Омар ибн Ибрахим аль-Хайям Нишапури) Нишапур шаарында (азыркы Иран мамлекетинде) туулуп өскөн. Билимин Самаркан шаарында алган. Кийинчерээк Бухарага барып ал жерде математик жана астроном катары коптогон ийгиликтерге жетишип орто доордун алдынкы илимпоздорунун бир болгонго жетишкен. Ал эми 1131-жылдын 4-декабрында 83 жашында Ирандын Нишапур шаарында көз жумган.