18- Май 1800 -жылы Орус аскер башчысы Александр Суворов каза болгон
Атактуу орус аскер башчысы Александр Суворов 69 жашында каза болгон.
Александр Суворов 1730-жылы 13-ноябрда туулган. Атасы Василий Иванович Суворов аскер адамы болгон. Энеси Авдотья (Евдокия) Феодосьевна Суворова туурасында маалыматтар жокко эсе. Суворовдун аты Александр Невскийдин атынан коюлган. 
Ал бала чагында көп ооруган. Ошого карабастан, көп машыгып, жаштайынан аскер ишине кызыгып, атасынын китепканасындагы китептерди окуп, артиллерия, аскер тарыхы тууралуу кеңири түшүнүк алган. Суворовдун аскердик шыгын атасы эмес, атасынын досу генерал Ганнибал байкаган. Мына ушул адам Василий Ивановичти Александрды аскердик окууга берүүгө көндүрөт. Ошентип, ал 1742-жылы Семёнов полкуна мушкетёр болуп кирет. 1748-жылдан тартып чыныгы аскердик жашоосу башталат. Ал полкто 6,5 жыл кызмат өтөө менен бирге бир нече чет тилин үйрөнгөн.
Жети жылдык согуш анын аскердик турмушундагы алгачкы согуш болуп калды. Согуш алдында ал оорукта калып, анын да оң-тескейин көрөт. 1758-жылы май айында Казандагы жөө аскерлер полкуна жөнөтүлөт. Бирок, көп өтпөй атасынын жардамы менен князь М.Н. Волконскийдин корпусуна которулуп, Силезияда согушат. Суворов генерал-аншеф В.В.Фермордун командалыгы астында Кроссенди алууга катышкан. Салтыковдун командачылыгы менен Кунерсдорф салгылашына катышып, Берлинге жасалган жүрүштө Чернышовдун корпусунда болгон. 1760-жылы генерал Ф.Ф. Бергдин жеңил кавалерия корпусунун штабын жетектейт. Ал командалык кылган биринчи салгылаш Бреславлдын боюнда өткөн. Анда ал орус аскерлеринин артка жылышына жардам кылып, артиллериянын бир соккусу менен пруссиялыктарды талкалап, артка карай сүргөн. Кийинки салгылаштарда да Суворов тайманбас-тыгын, эрктүүлүгүн көрсөтүп, бул мүнөзүнөн жазган эмес. Анын артка кайтпаган мүнөзүн жактырган башкы командачы А.Б. Бутурлин аны дайыма мактаар эле.
Суворов бул салгылашта пруссиялык генерал Платендин кавалериясын бир нече ирет талкалап, жөө аскерлердин эки батальонун туткунга алат. Мындан кийин убактылуу Тверь жана Архангель полкун башкарат. Бирок, Петр IIIнүн жарлыгы менен жети жылдык согуш аяктайт. 
Согуштан кийинки эки жылда полковник чинин алган Суворов Астрахань, андан соң Петербургда күзөт кылган Суздаль жөө аскерлер полкун башкарат. 6 жыл жетекчилик кызматта отуруп, аскерлерди тарбиялоо жана окутуу боюнча өз тартибин ойлоп чыгат. Ал тартип жобосу боюнча ар бир аскер күжүрмөн аскердик даярдыкта болуп, жоокерлер бири-бирин сыйлашы абзел эле. Тартипти катуу кармаган Суворов жоокерлерге кандай талап койсо, өзү да ошол шарттарды бузбай, аларга үлгү болчу. Эреже бузган жоокерди өз абийирине, эркине коюп, ошол эле учурда уурулук, чыккынчылык жана жегичтик кылган жоокерлерди армиянын катарынан кетирген. 
1768-72-жылдары Суздаль полкунун, кийинчерээк бригадасынын башында туруп, Польшада конфедераттарга каршы согушкан. Конфедераттар орус аскерлерине катуу каршылык көрсөткөн. Мындай каршылыкты күтпөгөн орус жоокерлери топ-топко чачырап, көптөгөн шаарларды, анын ичинде Варшаваны карамагына алышат. Бул согушта Россия Пруссия менен биригип кеткен. Ошентсе да, шляхтич (польшалык дворянин)-конфедераттардын катары толукталган сайын, каракчылыктын саны өсүп, өлкөдө анархия орнойт. Кырдаалдын мындай багытта өрчүшүн байкаган Австрия менен Түркия согуш ачууга бел байлашат.
Польшадагы конфедераттарга каршы согуштарда Суворовдун полку бир катар жеңиштерге жетишет. Карапайым калкка камкордук көрсөткөн Александр өз эрки менен куралын таштап, багынып берген конфедераттарга тийген эмес. Анын гумандуулугу Польшанын бир катар жерлеринде тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотууга шарт түзгөн. Ушул өңдүү ийгиликтери үчүн ага генерал-майор чини ыйгарылып, 3-даражадагы Георгий жана Александр Невский ордендери менен сыйланган. Бул согуш Россия, Пруссия жана Австриянын Польшаны өз ара бөлүшүп алышы менен аяктаган. Польшадагы милдетин өтөгөн соң Суворов Россияга келет. Андан көп өтпөй Екатерина II Александр Васильевичти Швецияга чек ара маселелерин чечүүгө жана Финляндияга аскерий-саясий кырдаал менен таанышууга жөнөтөт. 
1773-жылы апрель айында Суворов П.Румянцевдин армиясынан И.Салтыковдун дивизиясына жөнөтүлөт. Ал учурда П.Румянцевдин армиясы Дунайда салгылашып жаткан. Май айларында Суворов саны эки эсе көп түрк аскерлерин Туртукай сепилинин жанында талкаласа, кийинки салгылашта орус аскерлери Карасу аймагынан жана Гуробоа ашуусунан жеңишке жетишет. Согуштагы жеңиши үчүн Екатерина II Александр Васильевичти 2-даражадагы Георгийдин ордени менен сыйлаган. Суворов сентябрь айларында 3 миң аскер колу менен саны 6 миңге жеткен түрк аскерлерин амалкөйлүк кылып талкалап, арабасынын баарын тартып алат. Жыл өтүп-өтпөй генерал М. Каменский менен чогуу Козлудж боюнан 40 миң түрк аскерлерин кыйратышкан. Мындан көп узабай тынчтык келишими түзүлгөн. Согуш аяктагандан кийин согуштагы ийгиликтери үчүн Александр Васильевич бриллиант менен кооздолгон алтын шпага менен сыйланып, генерал-поручик наамы ыйгарылган. 
Орус-түрк согушунан кийин бир аз убакка тынчтык орнойт. Суворов суранып Москвага келип, 1774-жылы январда княжна Варвара Ивановна Прозоровскаяга үйлөнөт. Тилекке каршы, экөөнүн үй-бүлөлүк жашоосу көңүл кубантарлык болгон эмес. Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, ойнош күткөн. Муну билген Суворов 1779-жылы ажырашууну ойлоп, бирок, кийин ажырашпастан эле аялы менен мамилесин үзүп койгон. Бактысыз үй-бүлөлүк жашоосунан Суворов бир уул, бир кыздуу болгон. Баласы атасынын жолун жолдоп аскердик ишти тандап, ал да генерал даражасына жеткен.
1774-жылы август айында Екатерина IIнин буйругу менен Суворов Пугачевдун козголоңун басканга көмөктөшкөнү генерал-аншеф Паниндин кол алдына жөнөтүлөт. Бирок, ал бара электе эле Пугачев колго түшөт. 
Жыл айланган соң Александр Васильевичтин атасы көз жуумп, ал бир жылдык өргүүгө чыгат. Атасынан ага жерлер, 3,5 миң адам мураска калат. Суворов камкор, адамгерчиликтүү кожоюн болгон. 
1776-жылы Г. А. Потемкин Суворовду Крымдагы козголоңду басканга жиберет. Кол башчы Прозоровскийдин корпусундагы жөө аскерлерди башкарат. Бирок, иш жүзүндө Прозоровскийдин сыркоологонуна байланыштуу бүт корпус Суворовдун кол алдында эле. Эки жылдан кийин Суворов Румянцевдин кол алдында Кубаньдагы, кийин Крымдагы аскерлерди башкарган. Кубаньдагы бөлүктөрдү Крымдын коргонуусун бекемдеп түрк аскерлеринин Ахтиярск булуңуна түшүрүлүүсүнө бөгөт койгон. 
1787-91-жылдары 56 жаштагы Суворов Потемкиндин армиясында бир корпустун командачысы болгон. Кинбурнск сепилинин жанынан түрк армиясын кыйратып, каршылашынын көздөгөн максаттарын ишке ашырышына жолтоо болгон. Потемкиндин өтүнүчү менен Екатерина II Александр Васильевичке Андрей Первозванный ордени менен сыйлаган. 1788-жылы Очаковду камоо учурунда атыш чыгып кетип, анын айынан жаракат алат. Бир нече ай дарыланып, толук айыккан соң Молдавия жана Бессарабиядагы корпустарды жетектейт. 1789-жылы июлда австриялык шериктеринин көмөгү менен түрк аскерлерин жеңип, Рымниктин боюнан душмандын төрт эсе көп армиясынын ташын-талкан чыгарат. Бул жеңиши үчүн ал 1-даражадагы Георгий ордени менен сыйланып, Рымник графы наамын алган. Алдыда 35 миң кол кайтарган Измаил сепили турган. Аны алууга катуу даярдык көрүп, акырында тилегине жетип, сепил алынат. Анын жеңишке жеткенине кубанычын жашырбаган Екатерина II Суворовдун сүрөтү түшүрүлгөн медаль чыгартып, ага Преображенск полкунун лейб-гвардиясынын подполковниги наамын ыйгарат.
Бул согуш да аяктап, Александр Васильевич Финляндияда жана Россиядагы аскерлерди башкарып калат. 1794-жылы Польшадагы Т. Костюшканын козголоңун басканга катышат. Варшаваны ээлеп алгандан кийин Екатерина II ага генерал-фельдмаршал чинин ыйгарган. 1796-жылы январь айында кол башчы Новороссиянын башкы командачылыгына дайындалат. 
Екатерина II дүйнөдөн кайткандан кийин, анын ордуна император Павел I келген. Ал орус армиясына пруссиялык армиянын тартиптерин киргизе баштап, Суворовдун нааразычылыгына кабылган. Суворовдун мындай аракеттери Павел Iге жакпай, алгач Александр Васильевич сөгүш алып, отставкага кетирилип, кийин сүргүнгө айдалган.
1799-жылы француздарга каршы 2-коалиция түзүлөт. Павел Iдин тарапташтары аны көндүрүп, коалицияга каршы жүрүштүн башкы командачылыгына Суворовду коюусун суранышат. Александр Васильевичти жакшы билген Павел Iдин тарапташтары эч жаңылышкан эмес. Суворов Түндүк Италияны бошотуп, Альпы тоолору аркылуу өтүп, Швецияга кирип барган. Ошентип, ал бул ирет да моюнуна жүктөлгөн милдетти так аткарат. Бул жеңиши үчүн ал генералиссимус наамын алган. Ошентсе да, шериктештеринин саясатына ичи чыкпаган Павел I орус аскерлерин артка чакыртып алат. Суворов келер алдында атайы салтанаттуу кече уюшулмак, бирок, жаңы системаны кабыл албаганы үчүн деп Павел I аны кабыл албай коёт. 
1799-жылдагы жүрүш жашы 70теги кол башчынын саламаттыгына доо кетирип, анын акыбалын начарлаткан. 1800-жылы Александр Васильевич Суворов үйүндө көз жумган. Аны Александр Невский лаврына коюшкан. Суворовду акыркы сапарга узатуу аземине калың эл келип, бирок, Павел I келбей койгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан