8- Май 1993 -жылы "Backstreet Boys" тобунун алгачкы концерти Орландо шаарында өткөн
“Backstreet Boys” тобу 1993-жылы Американын Орландо шаарында бүтүрүүчү класстын окуучулары Эй Жей Маклин менен Хауи Дороу тарабынан түзүлгөн. Топ түзүү идеясы эки жигит бир кечеде чогуу ырдап калган күнү пайда болуп, көп узабай өздөрү курактуу мектеп жашындагы балдарды топтун катарына ала башташкан. Алгач топтун мүчөсү катары Ник Картер кабыл алынса, кийинчерээк жакын туугандар Кевин Ричардсон менен Брайан Литтреллдер келишкен. Ошондон тартып бир топко чогулган беш жигит чыгармачылыкта тынымсыз эмгектене башташат. Топтун эл алдына болгон алгачкы кадамы өздөрү окуган мектеп сахнасынан башталып, алгачкы концерти 1993-жылы 8-майда Орландо шаарында 3 миң көрүүчүнүн алдында болуп өткөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан