8- Май 1961 -жылы
Врач-нарколог Жеңишбек Назаралиев төрөлгөн
Белгилүү врач-нарколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеңишбек Назаралиев Кемин районунда туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Ал 1991-жылдары мамлекеттик эмес атайын наркология боюнча дарылоо борборун ачкан. Ж.Назаралиев илимий негизинде дарылоонун эң жогорку технологиясын иштеп чыккан жана анын дарылоо методу Ден соолуктун Улуттук Институтунда (Вашингтон) жана Нью-Иорк университетинин окумуштуулары тарабынан жактырылган. Анын изилдөөлөрү 62 илимий эмгектеринде жактырылган. Жеңишбек Назаралиев 12 патент жана рационализатордук сунуштардын автору. Анын наркология боюнча актуалдуу изилдөөлөрү 20дан ашык дүйнөнүн өлкөлөрүндөгү конгресстерде, симпозиумдарда жана конференцияларда көрсөтүлгөн. Доктор Назаралиев Жер шарынын бардык континенттеринде болуп, наркомания жана наркобизнеске каршы күрөштөгү алардын оң тажрыйбалары менен таанышкан.
Жеңишбек Назаралиев Орусия Табият таануу илимдери боюнча Орусия академиясынын мүчө-корреспонденти, психикалык ден соолуктун Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын анык мүчөсү.