19- Май 1946 -жылы Италиялык актёр Микеле Плачидо төрөлгөн
“Спрут” тасмасында комиссар Каттанинин ролун аткарган италиялык актёр, режиссёр Микеле Плачидо Италиянын түндүк чыгыш жагында жайгашкан Асколи Сатриано деген жерде туулган. Микеленин үй-бүлөсү чоң болуп, ал сегиз бир туугандын үчүнчүсү болгон. 
Микеле 20 жашында Рим шаарындагы Улуттук драма Академиясына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктаган соң Улуттук телекөрсөтүүдөн өзүнүн эмгек жолун баштайт. 1977-жылы ал өзүн кино тармагында сынап көргөн. Ал Уго Тониази деген атактуу актёр менен бирдикте режиссёр Марио Моничелинин "Элдик романс" кинотасмасында башкы ролду аткарат. Микеле 40тан ашуун ролдорду аткарып жана 4-5 фильмдин режиссёру болууга да жетишкен.
1980-жылдары режиссёр Дамиани тарткан "Спрут" көп сериалдуу телефильминде Комиссар Коррадо Катанинин ролун бийик деңгээлде аткарган. Телефильм Сицилиядагы мафиянын агымын сүрөттөйт. Өз убагында аябагандай популярдуулукка жеткен "Спрут" телефильми Италиядан тышкары 80 өлкөдө көрсөтүлгөн. 
1990-жылы Микеле Плачидо режиссёрдук кызматты аткарып Францияда өтүүчү Канн кинофестивалына "Pummaro" деген тасманы тартуулайт. Тасма башка өлкөлөрдөн келип иш издегендер жөнүндө баян кылат. Алардын башка өлкөдөн келишип башында иш табалбай же болбосо, башка көргөн кыйынчылыктарын, ошону менен бирге алардын жеткен ийгиликтерин сүрөттөйт. Плачидонун ал киносу бийик деңгээлде кабыл алынат.
Ал эми 1990-жылдары эр жүрөк магистрат Гованни Фолконинин ролун аткарса, 2005-жылы Микеле "Grande Torino" тасмасында 1940-жылдары Италиянын футбол командасында ойногон Ангело аттуу футболисттин улгайган чагын аткарган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан