19- Май 1977 -жылы Аргентиналык ырчы жана актриса Наталия Орейро туулган
Аргентиналык ырчы жана актриса Наталия Орейро Монтевидеодо (Уругвай) төрөлгөн. Атасы Карлос Орейро жеке ишкер, апасы Мабель Орейро чач тарач болуп эмгектенген. Наталия 8 жашка толгондо актёрдук чеберчиликтен билим алып, 12 жашка чыкканда Уругвайдан жарнамалык роликтерге тартылып, актрисалык карьерасын баштаган. 14 жашка толгондо таанымал алып баруучунун жардамчысы болуп, ал берген тапшырмаларды аткарып, жардам берип теледе иштей баштайт. 16 жашка чыкканда Буэнос-Айреске келип атайын кастингге катышып, анын биринчи турунан өтпөй калат. Кайра экинчи турунда талантын режиссёрлор байкап, роль сунушташкан. Эң таанымал, популярдуулукту алып келген тасмасы "Байлар жана белгилүүлөр" ("Богатые и знаменитые") деген Бразилия сериалы болгон. Андан кийин эле "Жапайы периште" ("Дикий ангел") сериалына тартылып, андан дагы таанымал, бай болуп чыга келет. 2001-жылы 44 жаштагы рок- группада ырдаган Рикардо Мольо менен таанышып, 2002-жылы үйлөнүү тоюн өткөзүшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан