20- Май 1970 -жылы Экс-премьер-министр, экс-депутат жана жеке ишкер Өмүрбек Бабанов туулган

Өмүрбек Бабанов 1970-жылдын 20-май күнү Талас облусунун Кара-Буура районундагы Чымкент айылында туулган. 1993-жылы К.А.Тимирязев атындагы Москва Айыл чарба академиясын бүтүргөн. 2005-жылы Эл чарба академиясынын Жогорку каржы менеджменти мектебинен, ал эми 2009-жылы КРнын Өкмөтүнө караштуу Юридикалык академиядан билим алган.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси ченине ээ. Аймактык билим берүүгө кошкон меценаттык эмгеги үчүн атайын медаль менен сыйланган. "КМШ өлкөлөрүндөгү жыл тандоосу" долбоору боюнча "2004-жылдын бизнесмени" болуп аныкталган.
Эмгек жолу:
1988-1999-жылдары - "Шымкентнефтеосинтездин" ыйгарым укуктуу өкүлү;
1995-1998-жылдары - "Арлан" ишканасынын директору;
1999-2000-жылдары - "Мунай" ишканасынын башкы директорунун орун басары;
2000-2004-жылдары - "Кыргызпахта" ишканасынын директору;
2004-2005-жылдары - "Мунай Мырза" директорлор кеңешинин мүчөсү;
2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2008-жылы - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы;
2009-жылдын январь-октябрь айлары - Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри;
2009-2010-жылдары - "Мунай Мырза Инвест" директорлор кеңешинин төрагасы;
2010-жылдын жылдын январь-октябрь айлары - "Кыргызстан" банкынын директорлор кеңешинин төрагасы;
2010-жылдын октябрь-декабрь айлары - Жогорку Кеңештин депутаты;
2010-2011-жылдары - биринчи вице-премьер-министр;
2011-2012-жылдары - премьер-министр;

2015-2018-жылдары Жогорку Кеңештин депутаты.

2017-жылы 15-октябрда өткөн президенттик шайлоодо 1-орунду Сооронбай Жээнбеков ээлеп, Өмүрбек Бабанов 2-орунду алган. Шайлоодон кийин Бабановго кылмыш иши ачылып, ал өлкөдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келбей жүрөт.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан