14- Май 1984 -жылы Facebook социалдык түйүнүнүн түзүүчүсү жана жетекчиси Марк Цукерберг төрөлгөн
Дүйнө жүзүндөгү эң ири социалдык тармак болгон Фейсбуктун негиздөөчү, жетекчиси, программист Марк Цукерберг АКШнын Уайт Плейнз шаарында туулган.
Марк Цукерберг "Forbes" журналындагы "эң бай 400 адам" рейтингдеги эң жаш байлардын бири. Ал 24 жашында эле 1,5 миллион АКШ доллар иштеп тапкан. Ал 2004-жылы Fasebook социалдык түйүнүн ойлоп тапкан. Алгач Гарварддын студенттери үчүн ачылган бул сайт бара-бара MySpasетeн кийинки эле орунга чыккан. Fasebook сайты 15 млрд. доллар деп бааланса, компаниянын 27% акциясына ээлик кылган Марктын байлыгы 4 млрд. долларды түзгөн. Ал эми 2013-жылы кайра эле "Forbes" журналы изилдөө жүргүзүп, 19 млрд. АКШ доллары менен Марк Цукерберг алдыңкы 20 бай адамдын катарына кирген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан