22- Май 1987 -жылы
Сербиялык теннисчи Новак Жокович төрөлгөн
Теннис боюнча чоң шлем түркүмүндөгү мелдештердин 5 жолку жеңүүчүсү сербиялык Новак Жокович Югославиянын Белград шаарында төрөлгөн. Новак Жокович кичинесинен лыжа спорту менен машыгып, 12ге чыкканда теннисти тандоого туура келген. Ал тенниске үйүнүн жанында курулган 3 корттон улам байланып, инилери Марко менен Жорж болуп теннис менен машыга баштаган. Новак ошол жылы Мюнхендеги “Ники Пилис” теннис академиясына кирген. Жокович ошол академияда билим алып, килемде, чөптө жана топуракта ойноону өздөштүргөн универсал теннисчи болуп чыккан. Ошондой эле ал Мюнхенде тил тоскоолдугун жоюп, эне тилинен тышкары итальян, немис жана англис тилдерин өздөштүргөн.