22- Май 1956 -жылы Кыргыз Республикасынын кичи футбол боюнча ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти Медетбек Букуев төрөлгөн
КРнын кичи футбол боюнча ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти Медетбек Букуев Чүй облусунун Москва районундагы Чапаев айылында төрөлгөн. Медетбек Букуев спорт ишмери (футбол), доцент, профессор, педагогика илимдеринин кандидаты, КРнын кичи футбол ассоциациясынын негиздөөчүсү жана президенти, КРнын дене тарбия жана спортунун отличниги.
Медетбек Букуев 1982-жылы КМДТИни артыкчылык менен бүтүп, 1983-1987-жылдары Москвадагы борбордук дене тарбия институтунда аспирантурада окуган. Ал эми 2002-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган.
1987-1996-жылдары КМДТИде улук мугалим, кафедра башчысы, 1997-2007-жылдары Кыргыз-Орус Славян университетинде декандын орун басары, 2008-2009-жылдары КРнын Эл аралык электрондук университетинин ректору болуп иштеген. 2008-жылдан тартып Чуй университетинин дене тарбия кафедрасынын профессору болгон. Орусия, Өзбекстан, Германия, Малайзия, Иран, Вьетнам, Тайланд, Макао өлкөлөрүндө өткөн ФИФАнын эл аралык семинарлардан билим деңгээлин жогорулаткан.
Илимий-популярдуу 50 макала, усулдук докладдын, 4 илимий-усулдук окуу китебинин, "Кичи футбол", "Футбольный ежегодник" жана кичи футбол боюнча бир нече китептердин автору. КРнын кичи футбол боюнча тандалма командаларын Азия, Дүйнө чемпиондуктарына баштап барган. КРда кичи футболдун өнүгүшүнө зор салым кошуп, ондогон адистерди даярдаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан