23- Май 1988 -жылы Француз футболчусу Мишель Платини чоң футбол менен коштошкон
Айтылуу француз футболчусу Мишель Платини чоң футбол менен коштошкон. Мишель Платини 3 ирет (1983-1984-1985-жылдары) "Дүйнөнүн мыкты футболчусу" аталган. Кезинде франциялык "Нанси" (1972-1979-жылдары), "Сент-Этьенн" (1979-1982-жылдары) жана италиялык "Ювентус" клубдарында ойногон. Футболду таштагандан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) 2015-жылдын 24-мартында Австриянын Вена шаарында өткөн конгрессинде ошол учурдагы президент Мишель Платини кийинки 4 жылдык мөөнөткө шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан