Атактуу америкалык поп-ырчы, көптөгөн ырлардын автору, актриса, продюсер Шер Калифорнияда туулган. Кино, музыка жана телевидение жаатындагы эмгектери үчүн "Оскар", "Грэмми", "Эмми" жана үч "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.
Мансабын 17 жашында баштаган. Алгачкы ийгилигин 1965-жылы "Сонни менен Шер" дуэтинин курамында «I Got You Babe» ыры менен жараткан. Кийин жеке ырчы катары чыга баштаган. Ошону менен бирге "The Sonny and Cher Comedy Hour" шоунун алып баруучусу болуп "Алтын глобус" сыйлыгын алган. 1984-жылы "Силквуд" тасмасындагы ролу үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты аялдын ролу" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын алган.