27- Май 1937 -жылы Сан-Францискодо дүйнөнүн эң кооз көпүрөлөрүнүн бири “Алтын дарбаза” ишке кирген
Сан-Францискодо дүйнөнүн эң кооз көпүрөлөрүнүн бири “Алтын дарбаза” ишке кирген. Көпүрөнүн курулушу 1933-жылы 5-январда башталып, 4 жылга созулган. Анын узундугу 2 миң 737 метрди, ал эми салмагы 894 миң 500 тоннаны түзгөн. 
1937-жылы 27-майда эртең мененки саат 6да "Алтын дарбаза" көпүрөсү жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылган. Алгачкы 12 саат ичинде көпүрөдөн жөө адамдар гана баса алса, эртеси АКШнын ошол убактагы президенти Рузвельттин жарлыгы менен автоунаалар жүрө баштаган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан