20- Май 1506 -жылы
Испан деңиз саякатчысы Христофор Колумб каза болгон
Атлантика океанын биринчи кесип өткөн испан деңиз саякатчысы Христофор Колумб каза болгон.
Христофор Колумбдун жашоосу тууралуу так маалыматтар аз. Ал 1451-жылы 9-октябрда Корсика аралында төрөлгөн. Азыркыга чейин Испания жана Италия өлкөлөрүнүн алты шаары анын мекени болуу укугун талашып келишет.
Алгач Колумб Орто-Жер деңизине соода кемелери менен чыга баштаган. 1470-жылдары Лиссабонго көчүп, Португалиянын кемелери менен саякаттаган.
Колумб официалдуу түрдө Атлантика океанын сүзүп өтүп, Европанын деңизде жүрүүчүлөрүнүн биринчиси болуп Кариб деңизине аттанган. Түштүк Американын ачылышна чоң салымын кошкон. Богам архипелагынын борбордук бөлүгүн, Чоң жана Кичи Антил аралдарын, Кариб деңизиндеги бир нече аралдарды жана Түштүк Американын жээгиндеги Тринидад аралын ачкан.
Колумб 1506-жылы 20-майда мурда эле белгилүү болгон Индияга жаңы жол ачтым деген ойдо Севильяда каза болгон. 1540-жылы Карл V Колумбдун калдыктарын Гаитиге коюуну туура көрүп, Санто-Домингого салып жиберген. Кийин кайрадан Кубага жөнөтүлгөн.