24- Май 1898 -жылы америкалык врач Элен Тауссиг төрөлгөн
Балдардын жүрөк ооруларын изилдөө боюнча адис, балдар кардиологиясын негиздеген америкалык белгилүү врач Элен Тауссиг төрөлгөн. 1922-жылы Массачусетс университетин бүтүргөн. 1930-1963-жылдары Хэрриет Лэйн Хоум балдар кардиологиялык клиникасында башкы дарыгер, профессор жана Жон Хопкинс университетинин балдар кардиологиясы бөлүмүнүн жетекчиси. Биринчилерден болуп жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын оорусун аныктаган.  1944-жылы устаты менен биргеликте тубаса жүрөк кемтигин хирургиялык жактан дарылоо ыкмасын иштеп чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан