Пациенттерин өз каалоосу менен өлтүргөн “Доктор Өлүм”, “Доктор Суицид” деген аттары менен белгилүү болгон америкалык врач Жек Кеворкян АКШнын Мичиган штатындагы Понтиак шаарында төрөлгөн. 1952-жылы Мичиган университетинин медициналык факультетин аяктаган. Окуусун аяктаган соң АКШнын куралдуу күчтөрүнүн катарында Корей согушуна катышкан. Кийин Детройтта ооруканада, Калифорния, Мичиганда патологоанатом болуп иштеген.