29- Май 1981 -жылы
Орусиялык футболчу Андрей Аршавин төрөлгөн
Орусиялык футболчу Андрей Аршавин Ленинград шаарында төрөлгөн. Кичинесинде чуркаганды жакшы көргөндүктөн атасы аны жеңил атлетика кружогуна тапшырып, он жашында Ленинграддын "Смена" футбол клубунунун жаштар командасына жетелеп барган.
Андрей Аршавин 1999-жылы санкт-петербургдук "Зенит" командасынын запастык оюнчусу болуп, курамга кошулган. 2000-жылы "Зениттин" "Интертото" клубдар аралык турнирде англиялык "Брэдфорд" менен беттешинен кийин Андрей "Зениттин" толук кандуу курамынын оң жарым коргоочусу болуп дайындалган. Бирок, Аршавин клуб үчүн жакшы оюн көрсөткөнү менен өлкөнүн курама командасына бекитилбей келген. Ал эми Орусиянын футбол боюнча башкы машыктыруучусу Олег Романцев Аршавинди башынан эле тыңгылыктуу оюнчу катары эсептеген эмес. Ошентип 2002-жылдагы Корея менен Японияда футбол боюнча өткөн дүйнө чемпиондугуна катышууга Аршавин жолдомо алган эмес. Орусия дүйнө беттешинде группасынан чыкпай калып, Олег Романцев башкы машыктыруучу ордунан кетип, Аршавинге жол ачылган.
Аршавин 2008-жылдагы Европа чемпиондугунда жакшы оюн көрсөтө алып, Европанын көптөгөн клубдарынын кызыгуусун арттырган. Ага германиялык, франциялык , англиялык клубдардан сунуштар келип түшкөн. Аягында ал лондондук "Арсеналдын" чакыруусун туура көрүп, 21 млн. еврого сатылган. "Арсеналдын" катарынан ал өз ордун тез эле таап, мыкты оюнчу катары өзүн көрсөтө алган. Айрыкча "Арсеналдын" "Ливерпуль" менен болгон беттешинде атаандашынын дарбазасына 4 ирет топ киргизип, машыктыруучусу Арсен Вингердин купулу толгон. Ал эми 2013-жылы Андрей Аршавин "Арсеналдан" кетип, "Зенитке" кайтып келген.