Сууда сүзүү боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Маданиятка эмгек сиңирген ишмери Ахмед Анарбаев Орусиянын Норильск шаарында төрөлгөн. Спорт менен 1961-жылдан тартып машыга баштап, мастерлик норманы 1966-жылы аткарган. СССР элдеринин 4-спартакиадасында (1967) 5-орунду алган. 19-Олимпиадалык оюндарга (1968) СССРдин курама командасынын курамында катышып, Европанын кубогу үчүн болгон 4X200 м эстафеталык сүзүүдө алтын медалга жетишкен. Бүткүл дүйнөлүк Универсиадада (1970) эки күмүш медалга ээ болгон. Барселонада өткөн Европанын биринчилигинде 2-орунга чыккан.