22- Май 1922 -жылы
Кыргызстан аймагында Тоолуу облус негиздөө маселеси талкууланган
Түркстан Коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети жана Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин биргелешкен жыйынында Кыргызстан аймагында Тоолуу облус негиздөө маселеси талкууланган.
Тоолуу облус негиздөөнүн зарылчылыгы туурасында мындай биримдикке караманча-каршы турган Р.Кудайкуловдун билдирүүсү угулган. Арийне, негизги баяндамачынын көз карашы бириккен жыйындын чечимине таасир тийгизбей койгон эмес. Ошентип Түркстан Коммунисттик партиясынын Аткаруу комитети менен Жети-Суу облустук Аткаруу комитетинин биргелешкен жыйыны Тоолуу облус негиздөө али эрте экендигин жана ал маселе боюнча кыргыздардын өзүнүн ичинде биримдик жок экендигин белгилеген.