3- Июнь 1949 -жылы
Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов төрөлгөн
Эл аралык бокс ассоциациясынын жана Олимпиаданын калысы Бедалы Алымкулов Жайыл районуна караштуу Большевик айылында төрөлгөн. 1967-жылы Кара-Балта тамак-аш техникумун, 1972-жылы КМДТИни, 1979-жылы КУУну бүткөн. Ал эми 1967-1976-жылдары комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеген. 1976-1978-жылдары Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары, 1978-1990-жылдары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик камсыздоо комитетинде башкы адис, бөлүм башчы, 1990-1997-жылдары "Кыргыз курулуш токой чарба" АКнын төрагасынын орун басары, 1997-жылдан тартып жеке ишкердик менен алектенген.
1977-1982-жылдары Бишкек шаардык бокс федерациясынын төрагасы, 1989-2004-жылдары Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын калыстар тобунун жетекчиси, 2004-жылдан тартып Бокс федерациясынын башкы катчысы болгон. Ондон ашуун Азия, Дүйнөлүк бокс федерацияларынын конгресс, жыйындарына Кыргыз Республикасынын атынан делегат катары катышкан. 1994-жылы ФААБ эл аралык калыс-рефери, 1997-жылы АИБАнын эл аралык калыс-рефери, 2010-жылдан тартып АИБАнын 3 жылдыздуу жогорку даражадагы калыс-рефери болгон. Бир нече жолу Дүйнө, Азия чемпиондуктарында, Бангкок, Доха, Гуанжоу шаарларында өткөн Азия оюндарында, Дүйнө Кубогунда калыстык кылган.