31- Май 1894 -жылы Жүгөрү үлпүлдөгү патенттелген
Жүгөрү үлпүлдөгүнүн тарыхы XIX кылымда башталган. Мичиган штатындагы "Батл-Крик" санаторийинин башчылары жана дарыгерлери Келлог жана анын бир тууганы Уилл Кит Келлог жүгөрү унунан тамак жасашмак, бирок жумуштары менен кетип кайра кайтышканда, ун бир аз бузула түшкөн. Ага карабастан, алар ундан камыр жуурушканда, камыр кесек болуп калган. Ага-ини камырды куурганда, жагымдуу кытырак үлпүлдөк болуп бышкан. Кийин санаторийдин бейтаптарына жүгөрү үлпүлдөгү зефир жана сүт менен бериле баштаган. Жүгөрү үлпүлдөгүнө шекер кошуп анын даамын жакшыртышкан. 1894-жылы Жон Харви Келлог жүгөрү үлпүлдөгүнө патент алып, 1906-жылы бир тууганы менен массалык түрдө чыгарып өзулөрүнүн компаниясын негиздешкен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан