Советтик хирург, нейрохирургияга негиз салуучулардын бири, СССР ИАнын академиги (1939), СССР медициналык ИАнын академиги жана биринчи президенти, аскердик медицина кызматынын генерал-полковниги, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943) Николай Бурденко туулган. 1906-жылы Юрьев университетин бүтүргөн. 1910-жылдан тартып ошол эле университетте иштей баштаган.