22- Май 1970 -жылы
Британиялык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл төрөлгөн
Британиялык модель жана актриса Наоми Кэмпбелл Лондондо төрөлгөн. 14 жашында мектепти таштаган Наоми Кэмпбелл Лондондогу Itali Conti окуу жайына тапшырып, ал жактан бий, актёрдук өнөр, вокалдан сабак ала баштайт. Ошол убакта “Элит” моделдик агенттигинин кызматкери Бет Болдт кастингге чакырат. Болочоктогу топ-модель өткүрлүгү, эркинин күчтүүлүгү менен кастингден өтүп, Парижге сапар алат. Ушундан кийин ага мода дүйнөсүнүн эшиги ачылып, “Elle”, “Time”, “Vogue” журналдарынын биринчи беттерине чыгып, “Ralph Lauren”, “Versace”, “Dolce&Gabbana” фирмаларынын товарларын жарнамалай баштайт. 1994-жылы Америкадагы мода академиясы аны “Дүйнөнүн эң мыкты модели” деп тапкан.
Наоми Кэмпбелл мода дүйнөсүн багынтуу менен гана тим болбостон, актриса, ырчы, парфюмер, телеалпаруучу катары да өзүн көрсөтө алган. Ал комедия, драма жана документалдык жанрдагы 30дан ашык тасмага тартылууга жетишкен.
Ал эми ырчы катары “Аял-бала” (1995) альбомун чыгарган. Анын ырчы Тоши менен аткарган “La, La, La, Love Song” сингли япониялык чартта 1-орунду ээлеген. Мындан сырткары топ-модель Майкл Жексон, Jay-Z, Ашер, сыяктуу белгилүү ырчылардын клиптерине тартылган.