Кыргызстандык үч жаран Кытай өлкөсүндө эки кытай ишкерди өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Кытайда иштеген кыргызстандык ишкер менен кытайлык өнөктөштөрдүн ортосунда келишпестик чыккан. Анан ал Кыргызстандан эки кишини Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна чакырып, аларды кытайлык эки бизнесменди өлтүрүү үчүн жалдаган. Алар 2007-жылдын 15-октябрында ошол кытай бизнесмендерин өтө мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Жалданма киши өлтүрүүчүлөр 3 күндөн кийин чек арадан чыгып кетерде полиция кызматкерлери тарабынан кармалышкан. 2008-жылдын 12-июнда үчөөнү өлүм жазасына тартууга өкүм чыккан. 2010-жылдын апрель айында соттун өкүмү аткарылмак, бирок Кыргызстанда революция болуп кетип, өкүм дагы узартылган.