10- Июнь 2010 -жылы Кечки саат 10до Ош шаарынын “Алай” мейманканасынын жанында жаштар тобунун арасында жаңжал чыгып, кандуу Июнь окуясы башталган

Кечки саат 10дор чамасында Ош шаарынын "Алай" мейманканасынын жанында жаңжал чыккан. Ага чейин белги катары мечиттерден, үн чыгаруучу аппарат аркылуу азан айтылып, салют атылган. Андан соң белгисиз адамдардын тобу имараттарды, үйлөрдү талкалап, туш келген адамдарга кол сала башташкан. Брондолгон КаМАЗ, турак үйлөрдөгү жазуулар жөнүндө шаар тургундары коогалаңга даярдыктар күн мурунтан башталганын айтып чыгышкан. Трагедиялуу окуяны иликтеген улуттук комиссиянын 2010-жылы 10-декабрда жарыялаган отчетунда Июнь окуясында Ош жана Жалал-Абад облусунда 420 адамдын денеси табылганы, анын 381инин өздүгү аныкталганы жазылган. Анын ичинде аскерлер жана милиция кызматкерлери дагы бар. 1925 адам ар түрдүү жаракаттарды алган (925 адам октон жаракат алган).  Расмий эмес маалыматтар боюнча жаңжал чыккан күнү 800дөй адам каза болгону айтылат. 2010-жылы 14-июнда көз карандысыз ММКлар 2000ден ашуун адамдын набыт болгонун жазып чыгышкан. 

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан