
Акын жана журналист Барктабас Абакиров Нарын облусундагы Кочкор районунун Төрт-Күл кыштагында туулган. 1955-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунун зоотехника факультетин бүтүргөн. 1970-жылы Москвадагы Жогорку партиялык мектептин журналистика бөлүмүндө окуган. 1955-1960-жылдарда Жумгал, Кочкор райондорунда селекционер, башкы зоотехник, Мал чарба илим изилдөө институтунда илимий кызматкер болуп иштеген.
Б.Абакиров 1960-жылы журналисттик кызматка өтүп, "Советтик Кыргызстан" гезитинде адабий кызматкер, 1963-1968-жылдары Кочкор райондук "Эмгек туусу" гезитинде редактор, 1970-1971-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинде инспектор, 1971-1980-жылдары Нарын облустук "Нарын правдасы" гезитинде башкы редактор, 1980-1987-жылдары "Кыргызстан" басмасында директор, "Кыргызстан айыл чарбасы" журналынын башкы редактору болуп иштеген. 1988-жылдан Республикалык маданият фондунда, Билим жана маданият министрлигинде жетектөөчү адис болуп иштеген.
Б.Абакировдун ырлары 1954-жылдан мезгилдүү басылмаларда жарыялана баштап, балдарга арналган биринчи ырлар жыйнагы "Чаарчык" деген ат менен 1961-жылы жарыкка чыккан. Анын 200дөн ашык ырына композиторлор, обончулар музыка, обондорду жазышкан. Китептери орус жана казак тилдеринде чыккан. Айрым чыгармалары орус, украин, беларусь, англис, итальян, поляк, түрк тилдерине которулган.
Б.Абакиров А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун, К.Абайдын, М.Турсун-Заденин, Р.Гамзатовдун, Б.Степанюктун, Е.Антошкиндин, Д.Кугультиновдун, В.Бээкмандын ж.б. акындардын ырларын кыргызчага которгон.
Б.Абакиров 1962-жылдан Журналисттер, 1973-жылдан Жазуучулар союздарынын мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун алдындагы Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты ыйгаруу боюнча комиссиянын мүчөсү болгон.
1983-жылы "Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген наам берилген.
Барктабас Абакиров Ардак белгиси ордени, медалдар жана Жогорку Кеңештин, партиянын Нарын обкомунун, Маданият министрлигинин, ВЛКСМ БКнын грамоталары жана Ардак грамоталары менен сыйланган.