9- Июнь 1957 -жылы Менделеевдин таблицасындагы 102-элемент – нобелий ачылган
Менделеевдин таблицасындагы 102-элемент – нобелий ачылган.
Нобелий (латын тилинен Nobelium), Д.И.Менделеев мезгилдик системи 7-мезгилинин IIIВ группа элементи, актиноиддерге кирет, к.н. 102, ат. м. 259. Туруктуу изотобу жок. Терс электрдүүлүгү аныкталган эмес. Жер кыртышында, метеориттерде, күндө жана космостук нурларда табылган эмес. 250No –259No массалык сандарга ээ болгон 10 изотобу белгилүү. Эң узак жашаган 259No (Т1/2 =1,0 сек). Нобелий иттербий аналогу болуп эсептелет. Мүнөздүү окистенүү даражасы +3, бирок +2 окистенүү даражасы да эң маанилүү. Нобелий массалык санда алынган эмес. Анын касиеттерин ондогон атомдорун пайдалануу менен изилдешкен. Газдык хроматография ыкмасынын жардамы менен Нобелий учпай турган хлоридди пайда кылаары аныкталган. Кычкыл эритмелерде Н. No2+ иону түрүндө болуп, BaSO4 менен чөгөт, бирок LaF3 чөкмөсү пайда болсо, анда ал эритмеде кала берет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан