12- Июнь 1963 -жылы
Спорт ишмери Шейшенкул Бакиров төрөлгөн
Дзюдо жана самбо боюнча СССРдин спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Шейшенкул Бакиров Нарын шаарында төрөлгөн. Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин бүтүргөн. 1980-жылы жаштардын СССР чемпиону, 1981-жылы самбо боюнча Бүткүл союздук Универсиада оюндарында коло байге, 1983-жылы СССР элдеринин Спартакиадалык оюндарында коло медаль уткан. 1985-жылы самбо боюнча СССР кубогунда коло байге алган. 1985-1986-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде инструктор, 1986-жылы "Красный Октябрь" колкозунда дзю-до боюнча машыктыруучу, 1986-1993-жылдары Н.Крупская атындагы республикалык балдар жатак-спорт мектебинде машыктыруучу, 1991-1993-жылдары Бишкектеги политекникалык институтта дене тарбия мугалими, 1993-жылы Кыргыз Республикасынын дзю-до федерациясында тандалма команданын улук устаты, 1993-1997-жылдары "Кел-кел" АКда дзю-до машыктыруучусу, 1997-жылы Ш.Сыдыков атындагы РОРОЖдын устаты, 1999-2005-жылдары ушул окуу жайдын директорунун орун басары, 2005-2010-жылдары Бишкектеги Свердлов районунун олимпиадалык резерв балдар спорт мектебинин директору, 2010-жылдан бери Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы болгон. 2010-жылы Гуанджоудогу 16-Азия оюндарына дзю-дочуларды жетектеп барган. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланган.