17- Июнь 1962 -жылы
Советтик жана орус актрисасы Александра Захарова туулган
Советтик жана орус актрисасы, Орусиянын Эмгек сиңирген артисти (1995), Орусиянын Эл артисти (2001) Александра Захарова Москвада туулган.
Александра Захарова 1983-жылы Б.В.Щукин атындагы Жогорку театралдык училищени аяктаган. Ал эми 1982-жылдан тартып "Убить дракона" (1988), "Криминальный талант" (1988), "Заложница" (1990), "Серые волки" (1993), "Падение" (1993), "Сыскное бюро „Феликс“ (1993), "Мастер и Маргарита" (1994) жана башка тасмаларына тартылган.