13- Июнь 1875 -жылы Немис астроному Генрих Луи д’Арре каза болгон
Нептун планетасын ачкан немис астроному Генрих Луи д’Арре 52 жашында жүрөк оорусунан Копенгагенде каза болгон. 
Ал 1857-1875-жылдары Копенгаген университетинин директору болгон. Генрих Луи д’Арре C/1844 Y2, C/1857 D1 жана 6P кометаларын ачкан. Ошол эле убакта астероиддерди изилдеген. 
1875-жылы Падышалык Астрономиялык Коомунун Алтын Медалы менен сыйланган. 
Анын урматына Айдагы Дарре кратерин, Марстын жандоочусу Фобоседеги кратерди жана астероидди аташкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан