10- Июнь 2005 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты, ишкер Жыргалбек Сурабалдиев атылып өлтүрүлгөн
Парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиев Бишкектин борбордук бөлүгүндө атылып, өлтүрүлгөн. Депутатка ошол күнү саат 13:00 чамасында Орус драма театрынын жанында Мерседес унаасында бара жаткан адамдар ок чыгарышкан. Сурабалдиевдин жан сакчысы ок чыгаргандар менен атышып жаракат алган. киллерлер 9 ок чыгарып, алган жаракатынан депутат ошол жерде жан берген. Күбөлөр кылмышкерлер экөө болгонун айтышкан. (Окуя Ички иштер министрлигинин имаратынан 200 метр алыстыкта болгон). Депутатка ок чыгаргандар кармалган. Эл өкүлүнүн өлүмү тууралуу кызы, 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева "Ошол мезгилде бийлик башында тургандар атамды саясатчылар менен биригип революция уюштурат деп кооптонуп турушканын билдим. Атамды өлтүрүүгө буйрук бергендер эртеби-кечпи жазасын алышат деп ишенем" деген.Жыргалбек Сурабалдиев өлкөдөгү ийгиликтүү ишкерлердин бири катары саналган.
Чуулгандуу 2005-жылкы парламенттик шайлоодон кийин Кыргыз өлкөсүндө бийлик алмашып, өлкөдө саясий хаос башталган. Жер басып алуу, менчикти кайра бөлүштүрүүнүн айынан чыккан коогалаңдуу окуядан улам 2005-жылдын апрель айында белгилүү каскадер Үсөн Кудайбергенов киши колдуу өлтүрүлүп, 10-июнда болсо Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Сурабалдиев чак түштө белгисиз адамдар тарабынан борбор шаардын так ортосунда атылган.