16- Июнь 1963 -жылы Биринчи аял космонавт Валентина Терешкова космоско учкан
Биринчи аял космонавт Валентина Терешкова советтик “Восток-6” кемеси менен космоско учуп, анын учуу мөөнөтү үч күн-түнгө созулган. Терешкованын шарттуу ысымы "Чайка" ("Ак чардак") болгон. Ал 48 жолу Жерди айланып чыккан.
Советтер Союзунун баатыры, биринчи аял-космонавт, генерал-майор, коомдук ишмер Валентина Терешкова 1937-жылы 6-мартта Орусиянын Ярослав облусуна караштуу Большон Масленниково кыштагында келгин белорустун үй-бүлөсүндө туулган. 1955-1960-жылдары Ярославл жеңил өнөр жай техникумунда сырттан окуп, 1959-жылдан тартып Валентина Терешкова Ярославлда парашют спорту менен алектене баштаган. Ошол эле учурда текстил ишканасында жумушчу болуп иштеген. Ал 1962-жылы 12-мартта космонавттыкка талапкер болуп катталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан