16- Июнь 1897 -жылы
Немис окумуштуусу Георг Виттиг туулган
Германияда органикалык химия жаатында бир нече ачылыштарды жасаган окумуштуу Георг Виттиг Берлинде туулуп, 1987-жылы 26-августта 90 жаш курагында Германиянын Хайдельберг шаарында көз жумган. Ал 1979-жылы америкалык окумуштуу Г.Ч.Браун менен биргеликте химия жаатында "Нобель" сыйлыгына арзыган.