Бразилиянын 1995-2003-жылдар аралыгындагы президенти, социолог жана мамлекеттик ишмер Фернандо Энрике Кардозо Рио-де-Жанейродо туулган. Ал экинчи мөөнөткө кайрадан шайланган өлкөсүндөгү алгачкы президент болгон. Фернандо Энрике Кардозо Бразилиядагы социал-демократиялык партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири жана 2001-жылдан тартып анын ардактуу төрагасы болгон.