4- Май 1874 -жылы Кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү Орус империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдирип, генерал Г.А.Колпаковскийге кайрылышкан
Кыргыздын мундуз уруусунун өкүлдөрү Алтыбай бий, Жанузак бий жана Махмуд мырзалар мундуз уруусун Орус империясынын курамына кабыл алуу өтүнүчүн билдирип, генерал Г.А.Колпаковскийге кайрылышкан.
Кайрылууда алардын 1873-жылы Кокон хандыгынан бөлүнүп жана анын куугунтугунан качып, Түркстан аскер округуна келгендиги кабарланат. Кокондуктар мундуз уруусуна кысым көрсөтүп эле тим болбой, аларды талап-тоноп, чекесинен кырып баштаган. Мундуз уруусунун өкүлдөрү генерал Г.А.Колпаковскийге эбак эле келгендигин билдиришкен. Бирок аларды Ташкенге киргизбей койгондугуна байланыштуу, өкүлчүлүктүн генералга жашыруун келгендиги кабарланат. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан