24- Июнь 1936 -жылы Хирург Эрнст Акрамов туулган
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген врачы, медицина илимдеринин доктору, профессор, хирург Эрнст Акрамов Бишкек шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Бишкектеги №2-клиникалык ооруканада хирург болуп иштөө менен баштаган. 1967-жылы кандидаттык, 1990-жылы докторлук диссертациясын жактаган. КММИде ассистент, доцент, республикалык клиникалык ооруканада жалпы хирургия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1992-жылдан тартып Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы болгон. 130дан ашык илимий эмгектин, 4 монографиянын жана 2 ойлоп табуунун автору. Жаратылыш жана коом туурасындагы эл аралык академиянын академиги. Эрнст Акрамов 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты, ошондой эле Спорттук гимнастика боюнча СССР спортунун чебери.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан