4- Май 1655 -жылы Италиялык музыкант Бартоломео Кристофори төрөлгөн
Фортепианону ойлоп тапкан италиялык музыкант Бартоломео Кристофори төрөлгөн.  1960-жылга чейин Падуя шаарында эмгектенген. Кийин Флоренция шаарында ханзаада Фердинандо Медичинин сарайында иштеп калган.  1716-жылдан тартып герцог Козимо III Медичинин музыкалык инструменттер коллекциясын сактап, аларга кам көрүп келген. 1709-1711-жылдары акырын жана катуу дабыштарды чыгара алчу урма музыкалык аспапты ойлоп таап аны "gravicembalo col piano e forte" деп атаган. Немис устасы Иоган Зилберман 1726-жылы Кристоферинин фортепиано механикасын өркүндөтүп чыккан. Ал 1731-жылы 27-январда 75 жашында Флоренцияда көз жумган.

БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан