10- Июнь 2008 -жылы улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов каза болгон
Кыргыз элинин сыймыгы, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов Германиянын Нюренберг шаарындагы ооруканаларынын биринде пневмония оорусунан дүйнө салган. Ошол жылдын 16-майында Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучу ооруканага жеткирилген. 
Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. 
Атасы Төрөкул Айтматов 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул Айтматов 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.
Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча караколдук татар. Жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон. 
1942-жылы Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Чыңгыз Айтматов 14 жашта экенине карабай Шекер эли аны сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кат тааныган улан-кыздар саналуу гана болгон. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.
1946-жылы сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт. 1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.
1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.
Чыңгыз Айтматовдун китептери 170 тилге которулуп, жалпы тираж менен 60 миллион даана чыгарылган. 2008-жыл – Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланып, туулган күнүндө белгиленмек болуп, тилекке каршы, жазуучунун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу бул ой ишке ашпай калган. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан