Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Эмилбек Алыкулов Жайыл районунда туулган. Эмилбек Алыкулов 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Окуусун аяктаган соң 1988-1992-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтта машыктыруучу, 1992-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын жаштар командасында улук машыктыруучу, 1999-жылдан тартып КРнын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп иштеген.