Америкалык актриса жана режиссёр Кэти Бейтс АКШнын Мемфис шаарында туулган. Кэти Бейтс тасма талаасында 1971-жылы дебют жасап, 1973-жылдан тартып театрда иштеген. Ал эми атактуулук актрисага "Мизери" филминдеги ролу аркылуу келип, ал үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон. Андан соң дароо эле "Жареные зелёные помидоры" тасмасында роль жаратып, "Алтын глобус", BAFTA сыйлыктарына көрсөтүлгөн.