26- Июнь 1943 -жылы
Австриялык врач, иммунолог жана химик Карл Ландштейнер каза болгон
Австриялык врач, иммунолог жана химик Карл Ландштейнер 75 жашында Нью-Йоркто көз жумган. Ал медицина илимине кошкон салымы үчүн 1930-жылы “Нобель” сыйлыгына татыган.
Карл Ландштейнер 1868-жылы 14-июнда Венада төрөлгөн. Ал 1930-жылы физиология жана медицина жаатында "Нобель" сыйлыгына арзыган. Карл Ландштейнер адамдын кан группасын ачкандыгы үчүн анын туулган куну, 14-июнь - Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү деп белгиленип келет.