5- Май 1931 -жылы Төкмө акын Эстебес Турсуналиев туулган
Төкмө акын, СССРдин Эл артисти Эстебес Турсуналиев Манас районунун Арал айылында туулган. 9 жашында комуз чертүүнү үйрөнүп, 12 жашында өздүк көркөм чыгармачылык ийримине, райондук, облустук жана республикалык кароолорго катышкан. Жаш кезинен Алымкул төкмөдөн таалим алган. 1946-жылы филармонияга кабыл алынып, бул жерден Осмонкул, Калык, Ысмайыл, Токтонаалы өңдүү ырчылар менен бирге эмгектенип, алардын ырларын, айтыш ыкмаларын үйрөнгөн. Акын Токтосун Тыныбеков менен бирге 50дөй айтыштарды жараткан. Эстебес Турсуналиев бир нече ыр китептердин автору, ошондой эле кинофильмдерге да тартылган. Андан сырткары комуз күүлөрүн чертип, эпостордон үзүндү айткан. Эстебес Турсуналиев Токтогул атындагы сыйлыктын лауреаты, Ардак белгиси ордени жана медалдар менен сыйланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан